7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Этникалык кыргыздарды кабыл алууга даярбыз»

141

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө Ош шаарынан келген делегат Айбек уулу Таалайбектин өлкө сыртында жашап жаткан болжол менен 1,5 миллион этникалык кыргыздарга байланыштуу кайрылуусуна жооп берди.

Мамлекет башчысы этникалык кыргыздардын олуттуу бөлүгү Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Афганистанда жана башка өлкөлөрдө жашап жатканын белгиледи.

«Биз аларды кабыл алууга даярбыз. Келишсин. Бизде “Кайрылман” программасы иштеп жатат. Бул программанын алкагында келгендерге бир жылдык мөөнөткө кайрылман макамы берилет, ал мөөнөт бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышат», — деди президент.

Маалымат үчүн: «Кайрылман» программасы Кыргызстанда чет өлкөлөрдө жашап жаткан этникалык кыргыздарды мекенине кайтаруу жана алардын коомго ыңгайлашуусу максатында ишке ашырылууда. Программанын алкагында мекендештерге өлкөгө кирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби, убактылуу укуктук макам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул программа өлкөнүн демографиялык потенциалын чыңдоого жана улуттук өзгөчөлүктү сактоого багытталган.

142