7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курултайдын эң жаш делегаты Токмоктогу кадр маселесин көтөрдү

404

IV Элдик курултайдын эң жаш делегаты, 22 жаштагы Арсен Болотов Токмок шаарына тиешелүү маселелер менен келди.

Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси, өзгөчө жаш адистердин аздыгы. Ал жаш кадрларды шаарда алып калуу жана аларды тартуу үчүн жеңилдетилген программаларды уюштурууну сунуштады.

«Биздин шаарда реабилитациялык борборлор, мектептер жана спорттук комплекстер жетишсиз. Ошол эле учурда Токмокто кароосуз калган имараттар көп. Шаардын өнүгүү балансын сактоо үчүн бул имараттардын ордуна мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объекттерди уюштурса болот», — деп белгиледи Арсен Болотов.

405