7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Шайлоого катышкан эмес. Курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр» (ВИДЕО)

10

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, IV Элдик курултайдын 71 делегаты аны алдаганын билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, курултайга келген делегаттардын баары жакында өткөн шайлоого катышканын билдирип, кол көтөрүшкөн.

«IV Элдик курултайдын экинчи күнү – бүгүн, 26-декабрда делегаттардын суроолоруна жооп бердим. Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим.

Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм. Баардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем.

Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы IV Элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет», — деп жазды ал.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

11