Бүгүн, 27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз өлкөнүн аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −2…-7 күндүз −1…+4;
Таласта түнкүсүн −4…-9 күндүз −2…+3;
Баткенде түнкүсүн −3…+2 күндүз 2…7;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −2…3 күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө −2…-7 күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн −15…-20 күндүз −2…-7;
Бишкек шаарында түнкүсүн −2…-4, күндүз +2…+4 градус болот.



