7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл жыйынтыгы: Салыктык түшүүлөр 389 млрд сомго жетти

8

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов  ведомствонун аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Жыйындын башында Алмамбет Шыкмаматов жамаатты келе жаткан 2026-жылы менен куттуктап, өтүп бараткан жыл мекеменин алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтүү жыл болгонун баса белгиледи.

Салык кызматынын төрагасы белгилегендей, жыл жыйынтыгында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 343 млрд сомду түздү. Иш жүзүндө салыктык түшүүлөр 389 млрд сомго жетип, план 113,6% аткарылды. Натыйжада план 46,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 87,5 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 28,9% түздү. Жетишилген көрсөткүчтөр – тарыхый максимум болду.

«Жалпы салыктар боюнча план 268 млрд сом болчу. Азыр дагы 2–3 күн бар, биздин божомол боюнча биз бул көрсөткүчтү 307–308 млрд сом деңгээлинде аткарып бүтүрөбүз. Бул пландан болжол менен 40 млрд сомго көп дегенди билдирет. Өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 79 млрд сомго ашыгы менен аткарылды», – деп билдирди Салык кызматынын төрагасы.

Алмамбет Шыкмаматов баса белгилегендей, алдыдагы жылы ведомство мындан да жогорку, тарыхый көрсөткүчкө жетүүнү максат кылууда.

Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар — потенциал, тажрыйба, ошондой эле жаңы эрежелер, механизмдер, санариптештирүү, аналитика жана заманбап ыкмалар ишке киргизилет.

Төрага келерки жылдагы негизги милдеттерди аныктады. Алардын катарында — салыктык карыздарды кыскартуу жана көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга багытталган иш-чараларды күчөтүү. Бул чаралар мамлекеттин бюджетине түшүүлөрдүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

«Биздин президент келерки жылга салык кызматтын алдына бир катар стратегиялык жана маанилүү милдеттерди койду. Алар чакан жана орто бизнеске, ошондой эле айрым тармактарга салыктык жүктү жеңилдетүүгө багытталган. Жалпы экономикалык саясаттын алкагында өндүрүштү, чакан жана орто бизнести колдоо, алардын санын көбөйтүү, салыктык базаны кеңейтүү, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу улантылат. Президентибиз келерки жылы да кошумча колдоолорду көрсөтөт деп терең ишенебиз. Тиешелүү Жарлыктар чыгарылып, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул стартаптардын жана заманбап бизнес түрлөрүнүн өнүгүшүнө шарт түзүп, Кыргызстаныбыз өнүгүүгө ыңгайлуу мамлекетке айлантат», – деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Салык кызматынын төрагасы 2026-жылдын январь айында «Kezet» аттуу жаңы электрондук эсеп системасынын бет ачары болорун маалымдады.

Ал белгилегендей, бул система аралыктан камералдык текшерүүлөрдү жана аналитикалык иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Борбордук аппарат менен кайтарым байланыш күчөйт — бардык текшерүүлөр онлайн-форматта чагылдырылып турат. «Kezet» системасы аркылуу кызматкерлер бирдиктүү санариптик платформага бириктирилген негизги модулдарды реалдуу убакыт режиминде көрө алышат.

Жыйын соңунда Алмамбет Шыкмаматов жамаатка өз ишине берилгендиги жана жыл ичинде кылган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, келе жаткан жаңы жылда ийгиликтерди жана жакшылыктарды каалады.

9