Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жылдын мыкты спортчу айымы деп табылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жарыялады.
Анда белгиленгендей, агенттик 2025-жылдын мыкты спортчуларын аныктаган. Ага ылайык спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн катарында — жылдын мыкты спортчу айымы наамы — Айпери Медет кызына ыйгарылды.
Ошондой эле, бул жыйынтыктоочу иш-чарада башка номинациялар боюнча дагы бир катар спортчулар мыкты деп аныкталышты.
Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы быйыл дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеп, Азия чемпионатында жана Албанияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш медалды багындырган.



