30-31-декабрда Кыргызстандын бардык медициналык уюмдары күчөтүлгөн режимде иштей турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
2026-жылдын 1-январынан 9-январына чейин саламаттыкты сактоо уюмдары нөөмөт уюштуруу менен белгиленген тартипте иштейт.
Медициналык мекемелерде тез жардам күнү-түнү көрсөтүлөт, өзгөчө дарылоого муктаж болгон бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт, ошондой эле керектүү дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жан алардын резервдери камсыз кылынат.
«Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы практикалык дарыгерлердин топторунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторунда 1-январдан 9-январга чейин үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөтү саат 08:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат, процедуралык кабинеттердин иши саат 14:00гө чейин уюштурулат.
Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн аймактарында тез жардам кызматы дем алышсыз, күнү-түнү иштейт», — деп айтылат билдирүүдө.



