7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө конокко барган меймандар үй ээсин өлтүрүп кетип калышкан

13

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда Таш-Дөбө айылында 1973-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты каттоого алынып, тергөө башталды. 14-январда үйүндө чогуу ичимдик ичип отургандар арасында чыр чыгып, натыйжада Ш.А. жана П.С. аттуу жарандар Т.У. жана З. тарабынан сабалган.

Натыйжада Ш.А.нын сөөгүнө экспертиза дайындалып, ал эми П.С. ар кандай дене жаракаттары менен Бишкек шаарынын №4 шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1993-жылы туулган Т.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

14