Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы Иранды 15:1 эсеби менен жеңди. Бул тууралуу хоккей федерациясы билдирет.
Маалым болгондой, үч турдан кийин Кыргызстан 9 упай топтоп, турнирдик таблицанын сап башында турат.
Белгилей кетсек, 18-24-январь аралыгында 20 жашка (U-20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Турнирге Кыргызстан, Мексика, Иран, Люксембург, Түштүк Африка жана Гонконг курама командалары күч сынашат.



