Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун бийликтеги алгачкы беш жылы коңшу Өзбекстанда да кылдат талданып келет. Өзбекстандык белгилүү социолог, социология илимдеринин доктору, Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин профессору Азамат Сеитов «Кабар» агенттигине берген маегинде бул мезгилди Кыргызстан үчүн бурулуш доор катары баалады.
— Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы алгачкы беш жылын кандай мүнөздөсө болот? Ал бийликке келген учурда өлкө кандай абалда эле? Ошол мезгилде Кыргызстандын алдында кандай негизги чакырыктар турган?
— Биз Өзбекстанда ар дайым кошуна жана бир тууган Кыргызстандагы абалга кылдат көз салып келебиз. Жогорку урмат-сыйга татыктуу Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы алгачкы беш жылы маңызында терең жана кеңири масштабдагы өзгөрүүлөрдүн, ошондой эле мамлекеттүүлүктү чыңдоого, экономикалык өсүшкө жана ички туруктуулукка карай ишенимдүү багыт алган мезгил болду деп ишенимдүү айтууга болот. Эгер бул доорду илимий өңүттөн талдай турган болсок, кошуна боордош мамлекет саясий туруксуздук жана кризистик көрүнүштөрдөн чыгып, ички дүң продукциянын туруктуу өсүшүнө, бюджеттин көбөйүшүнө, ошондой эле жаңы тышкы саясий байланыштарды — анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон мамилелерди — жигердүү калыптандырууга чейинки жолду басып өткөнүн байкоого болот.
Былтыр илимий максатта Бишкек шаарына барууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, Ала-Тоо аймагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө өз көзүм менен күбө болдум. Муну менен аталган беш жыл Кыргызстандын улуттук суверенитетин бекемдөөгө, ички ресурстарды мобилизациялоого жана мамлекеттик башкаруунун жаңы моделин калыптандырууга багытталган чечкиндүү кадамдардын мезгили болгонунун айкын жыйынтыгына ынандым. Өлкөдө болуп жаткан мындай масштабдуу өзгөрүүлөрдө улут лидери катары Садыр Жапаровдун ролу өзгөчө зор. Объективдүү караганда, дал ушул президент өлкөгө так жана ачык стратегиялык багыт берип, экономиканын негизги тармактарында мамлекеттин ролун күчөттү, институционалдык реформаларды демилгелеп, Кыргызстан алдына туруктуу экономикалык өсүшкө жана стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган амбициялуу максаттарды койду. Менин оюмча, Кыргызстандагы көп улуттуу элдин потенциалы бул максаттарга жетүүгө толук мүмкүнчүлүк берет.
Өткөн беш жылдын ичинде эле Садыр Жапаров Кыргызстанды саясий турбуленттүүлүк жана коомдук нааразычылык абалынан чыгара алды. Ал нааразычылык элдин коррупциядан чарчоосунан, экономикалык абалга канааттанбаганынан жана өзгөрүүлөргө болгон терең муктаждыгынан улам жаралган эле. Бүгүн экономикалык өсүштү бекемдөөгө, бюджеттин жаңы киреше булактарын түзүүгө, инфраструктураны жаңылоого жана инвестиция тартууга багытталган реалдуу өзгөрүүлөр байкалууда. Мисалы, өлкөнүн ички дүң продукциясы ишенимдүү өсүп, мамлекеттик бюджет 2020-жылга салыштырмалуу бир нече эсеге көбөйдү. Ушундай кыска убакыттын ичинде эле Кыргызстанда жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишеними бекемделип, саясий бөлүнүүчүлүк жоюлуп, тынч, туруктуу жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон башкаруунун башталышы байкала баштады. Кошуна катары биз мындай абалды толугу менен кубаттайбыз.
Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаровдун ортосундагы өз ара ишенимдин эң жогорку деңгээлин өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул эки лидердин саясаты эки мамлекеттин ортосундагы достуктун бардык тармактарда өнүгүшүнүн кубаттуу локомотивине айланды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Жаңы Өзбекстан» тышкы саясий доктринасынын алкагында бир нече ирет Кыргызстанды маанилүү стратегиялык өнөктөш жана убакыт сыноосунан өткөн ишенимдүү дос, кылымдар бою уланып келген коңшулук мамилелер байланыштырып турган эң жакын кошуна деп атап келген. Мындай аныктама географиялык жакындыкты гана эмес, мамлекеттерибиздин ортосундагы өз ара урмат-сыйдын жана ишенимдин жогорку даражасын да даана чагылдырат.
Ток этер жерин айтканда, Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы алгачкы беш жылы Кыргызстан тарыхындагы бурулуш этап болду. Бул мезгил амбициялуу реформалар, экономикалык өсүш, мамлекеттик башкаруунун чыңдалышы, чечкиндүү ички жана тышкы саясат менен мүнөздөлдү. Садыр Жапаров өзүн мекенинин чыныгы патриоту катары көрсөтө алды жана муну иш жүзүндө далилдеди. Бүгүн Кыргызстан курч чакырыктарды артта калтырып, туруктуу өнүгүү траекториясын тапты.
— Бул мезгилде чек ара маселелеринин жөнгө салынышын тышкы саясаттагы эң олуттуу жетишкендик катары баалоого болобу? Эмне себептен бул көйгөй коңшу өлкөлөр менен ондогон жылдар бою чечилбей келген? Бүгүнкү дипломатиялык стратегия мурунку аракеттерден принципиалдуу айырмасы эмнеде?
— Менин оюмча, чек ара маселелеринин жөнгө салынышы президент Садыр Жапаровдун бул мезгилдеги саясий эркинин жана стратегиялык көз карашынын эң башкы жетишкендиктеринин бири болуп калды. Андан да маанилүүсү, бул жөн гана формалдуу юридикалык акт эмес, терең, ырааттуу жана узак мөөнөттүү тышкы саясий аракеттердин жыйынтыгы болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы коңшулук мамилелерде жаңы баракты ачкан тарыхый окуяга айланды. Тактап айтканда, 2025-жылдын март айында Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда өткөн жолугушууда үч мамлекеттин чек араларынын түйүшкөн чекити тууралуу гана келишимге кол коюлбастан, чыныгы тарыхый окуя жүзөгө ашты. Бул мамлекеттик чек аралардын кесилишкен жерлериндеги узакка созулган белгисиздик доорунун аяктаганын билдирип, аймактык туруктуулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн символуна айланды.
Бул жетишкендик кыргыз-тажик мамилелери үчүн гана эмес, үч өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимди чыңдоо үчүн да чоң мааниге ээ. Анткени ал чек аралаш аймактардагы кызматташтыкты, сооданы, транспорттук байланыштарды жана маданий алмашууларды өнүктүрүү үчүн бекем укуктук негиз түзөт.
Тарыхый өңүттөн карасак, жакынкы убакка чейин эле чет өлкөлүк эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү мүмкүн эмес деген пикирде болушкан. Биздин аймакта коңшулар менен болгон чек ара маселеси мамлекеттер эгемендикке жеткен учурдан тартып чечилбей келген. Бул Борбор Азиянын тарыхый, географиялык жана саясий өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланыштуу.
1991-жылга чейин ички административдик чектер көп учурда этностук жактан аралаш аймактар аркылуу, жаратылыш объектилери менен өтүп, так багыттарга ээ эмес болчу. Бул делимитация процессин өтө татаал жана сезимтал кылган. Айрыкча тажик-кыргыз чек арасындагы абал курч болуп, ондогон тилкелер так юридикалык аныктамага ээ эмес эле.
Мындан тышкары, мурдагы аракеттерде өлкөлөр ортосунда жетиштүү деңгээлде координация болбой, сүйлөшүүлөр көбүнчө эки тараптуу формат менен гана чектелип келген. Бул пикир келишпестиктерге шарт түзүп, процессти узакка созгон. Бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу ар дайым эле мүмкүн болбой, эл аралык ортомчулук да чектелүү натыйжа берген.
Ушинтип, чек ара маселелеринин жөнгө салынышы Садыр Жапаровдун президенттигиндеги тышкы саясаттагы эң башкы жетишкендиктердин бири болуп калды. Тактап айтканда, акыркы келишимдер көп жылдык чыңалуунун булактарын жоюп гана тим болбостон, Борбор Азияны өз ара аракеттенүүнүн, ишенимдин жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүүнүн аймагына айлантуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
— Бүгүн Кыргызстан аймактык туруктуулуктун жаңы баскычына кадам таштады деп айтууга болобу? Чек ара маселелери чечилгенден кийин өлкө алдында кайсы негизги милдеттер биринчи орунга чыгууда? Бул беш жылдык доордон кандай тарыхый сабактарды чыгарууга болот?
— Албетте, бүгүн Кыргызстан аймактык туруктуулуктун сапаттуу жаңы этабына кирип жатканын ишенимдүү айтууга болот. Жогоруда айтылгандардын баары өлкө ондогон жылдар бою ички өнүгүүнү да, аймактык өз ара аракеттенүүнү да чектеп келген өнөкөт белгисиздик абалынан чыгып кеткенин даана көрсөтүп турат. Эми эң башкысы – бул реформалардын ыргагын сактап калуу, жаңы чекелерге жана жетишкендиктерге умтулууну улантуу. Саясий эркке, түз диалогго жана прагматикалык компромисске таянган Садыр Жапаровдун ырааттуу багыты өзгөчө роль ойнойт.
Эң татаал жана сезимтал тышкы саясий маселелердин бири жабылгандан кийин, Кыргызстан үчүн жаңы күн тартиби ачылды. Эми артыкчылык чек ара сызыктары боюнча талаштардан өнүгүү жана интеграция маселелерине жылууда. Биринчи планга чек арага жакын аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү чыгат. Бул аймактар эми өсүүнүн, сооданын, инфраструктуралык долбоорлордун жана гуманитардык алмашуунун мейкиндигине айланышы керек. Бул өзгөчө маанилүү, анткени ондогон жылдар бою белгисиздик жана мезгил-мезгили менен кайталанган чыңалуулар шартында жашап келген жөнөкөй жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз таасир этет.
Кыргызстан Борбор Азияны тышкы рыноктор менен байланыштырган аймактык жана аймактар аралык долбоорлорго дагы да ишенимдүү катышуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда. Өзбекстан менен ыкмаларды шайкеш алып баруу, айрыкча лидерлердин активдүү жеке диалогу аркылуу, өзгөчө мааниге ээ болуп баратат.
Коопсуздук, суу-энергетика, экология жана гуманитардык байланыштар боюнча жалпы аймактык күн тартибин түзүүдө Кыргызстандын ролу улам өсүп баратат. Акыркы беш жылда өлкө бул багыттарда жөн гана тыштан жөнгө салынган тарап болбостон, аймактык саясатты өз алдынча калыптандыра алган толук кандуу катышуучуга айланды.
Ошентип, Кыргызстан өз тарыхындагы жаңы этапка ишенимдүү кадам таштап жатат деп айтууга болот. Бүгүн аймактык туруктуулук өзгөчө көрүнүш эмес, бара-бара кадимки нормага айланууда. Чек ара маселелеринин чечилиши өлкө үчүн өнүгүү, интеграция жана эл аралык аброюн чыңдоо багытында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.



