7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлзат Аалиева соцтармактагы «өзгөчө» посттору үчүн камакка алынды

2303

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиеваны 21-апрелде камакка алды. Бул тууралуу анын бир тууганы Нурзат Аалиева жергиликтүү ММКларга кабарлаган.

» —Алиева кыргыз элинин маданиятын даңазалаган макалаларды жазат. Мындан тышкары диний ишмерлердин туура эмес иштери тууралуу, аларга каршы постторду да жазып келген. Алар биригип, Гүлзатты сотко беришиптир. 21-апрелде саат 16.00дө милициядан аны суракка чакырышып, ошондон ары камап коюшту. Тергөөчү сот анын бөгөт чарасын аныктагыча, убактылуу кармоочу жайда кармала турганын айтты«,-деп билдирген.

Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат деген арызынын негизинде суракка чакырылып, камалганы белгилүү болду. Адвокат Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Буга чейин анын постторуна нааразы болгон ондогон жаран укуктук жардам сурап өзүнө кайрылганын, анын негизинде арыз жазышканын айтууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2304