Акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд АКШ доллары) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер тилкелери жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилди. Бул тууралуу УКМКнын коллегиялык жыйынында айтылды.
Маалымдалгандай, бул каражаттар толугу менен президенттин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган жана мамлекет башчысынын жеке буйругу менен гана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана республиканын жарандарынын бакубат жашоосун жогорулатууга жумшалат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жыйында мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоодо, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы ырааттуу жана компромиссиз күрөштө улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун баса белгиледи.
Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктоого жана алдын алууга, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык элементтерди жок кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Андыктан жемкорлукка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы бойдон кала берери жана системалуу, институционалдык негизде ишке ашырылып жатканы айтылды.



