7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анатомиялык донорлук медицинанын сапатын өзгөртө алабы?

15

Кыргызстанда адамдардын дене мүчөсүн, органдарын өз эрки менен билим берүүчү медициналык жайларга биологиялык материал катары тапшырып берүү тартиби каралууда. Тактап айтсак, Саламаттык сактоо министрлиги «Анатомиялык донорлук жөнүндө» токтом долбоорун министрликтерге жөнөтүп, учурда алардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштеп чыгууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине токтом долбоору боюнча башкы адис Гүлнура Атакозуева билдирди.

Анын айтымында, сын-пикирлер, сунуштар эске алынып толук иштелип чыккандан кийин долбоор президенттик администрацияга жөнөтүлөт.

“Белгилүү болгондой, өткөн жылдын декабрь айында аталган документ 10 күн коомдук талкууга коюлган. Документ «Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана билим берүү жана илимий мекемелердин окуу-практикалык ишин андан ары өркүндөтүүгө, кадрлардын билим берүү процессин жана сапатын жогорулатууга багытталган”, — деди Атакозуева.

2024-жылдын 12-январындагы «Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине токтолсок, мында анатомиялык донорлук тууралуу төмөнкүдөй деп жазылган.

“Анатомиялык донорлук — саламаттык сактоо же жогорку кесиптик медициналык билим берүү уюмуна аракетке жөндөмдүү адамдын денесин (бөлүктөрүн, органдарын жана ткандарын) билим берүү процессинде жана илимий изилдөөлөрдө пайдалануу үчүн ыктыярдуу өткөрүп бериши. Жаран анатомиялык донорлук жөнүндө өз чечимин нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө жана чечимин жокко чыгарууга укуктуу. Анатомиялык донорлукту пайдалануу укугу анатомиялык донорлук жөнүндө керээз түзгөн жарандын биологиялык өлүмү аныкталгандан кийин пайда болот. Анатомиялык сүрөтүн аткаруу тартиби жана шарттары министрлер кабинети тарабынан аныкталат”.

Бул мыйзамга ылайык, адамдардын дене мүчөсүн, органдарын өз эрки менен билим берүүчү медициналык жайларга биологиялык материал катары тапшырып берүүнүн тартиби каралууда. Токтом долбоорунун негиздемесинде бул практикалык-окуу иштеринин сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.

«Жаран анатомиялык донорлук тууралуу өз чечимин нотариус аркылуу бекемдеп же ал чечимин ошол жол аркылуу жокко чыгара алат. Анатомиялык донорлукка укук бул тууралуу керээз каты бар жарандын биологиялык өлүмү тастыкталгандан кийин берилет», — деп жазылган документте.

Ошондой эле жогорку медициналык билим берүү жайлары, илимий-изилдөө жана саламаттык сактоо уюмдарына бул максатта жакындары аныкталбаган жансыз денелер, операция маалында ампутация болгон бейтаптардын органдарын 10 күн ичинде өткөрүп берүү каралат. Бул үчүн бейтаптын уруксаты талап эмес. Бирок, бул максатта СПИД, кургак учук, күйдүргү, холера жана башка ушул өңдүү жугуштуу оорулар менен каза тапкан жарандардын денесин колдонууга болбойт.

«Акыркы учурларда өлкөдө элге көрсөтүлүп жаткан медициналык-санитардык жардамдын сапаты түшүп жатканы байкалат. Бул долбоор донордук материалдын негизинде окуу куралдарын жасоо жолу менен медициналык билимди жогорулатууну көздөйт. Ошондой эле медициналык окуу жайлардын анатомиялык жана хирургиялык кафедраларында донордук материалдар менен практикалык сабактарды өткөрүүнү максат кылат», — деп белгиленген.

Аталган документти талкуулоо учурунда өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын 100 пайыз студенттери медиктердин билимин тереңдетүү, медицина илимин өнүктүрүү максатында токтом долбоорун колдой тургандыгын билдиришкен.

 

“Бул донорлук жөнүндө токтом долбоорун колдоо медицинанын келечегине чоң салым болуп саналат. Анатомияны изилдөө жана жакындан түшүнүү — бул бардык медициналык билимдин негизи. Медициналык жогорку окуу жайларда окутуу үчүн чыныгы анатомиялык объектилер жетишсиз. Анатомияны муляждан гана эмес, чыныгы адам денеси менен иштөө келечектеги дарыгерлер үчүн өтө маанилүү. Ушундай жол менен гана кесиптик даярдыкты жана медициналык жардамдын сапатын аныктоочу так билимге жана көндүмдөргө ээ боло алат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Донордук материалдар менен практикалык окууларды өткөрүү өзгөчө хирург, трансплантолог жана онкологдор үчүн маанилүү экендигин медицина илимдеринин кандидаты, хирург, боор трансплантологу Эрлан Максут уулу “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Дүйнө жүзүндөгү долбоорлор акырындан муляждарга өтүп, өнүккөн мамлекеттер да толук функционалдуу муляждарды абдан көп колдонушат. Кээ бир учурда 100 пайыз болбосо да окутуу процессине пайдасы бар. Бирок, биз Советтер союзу аяктаган учурда медициналык окуу жайды бүтүрүп, кадимкидей Медициналык академиянын морфологиялык корпусунда Анатомия кафедрасына, соттук-медицинага ылайык, окутуулар өлүк материалдарды колдонуу менен өтчү. Кийин окутууда муляж колдонулуп, өлүк материалдардын берилбей калышы дүйнөдөгү криминалга байланыштуу деп ойлойм. Бирок салыштырып көрсөк, өзгөчө анатомияны терең изилдеген хирургдар үчүн өлүк материал кызыктуу жана пайдалуу болмок. Азыр тиешелүү мыйзамга жараша муляж менен практикалык окутууларды жүргүзүп жатабыз. Негизи муляждардын да өнүгө бергени туура. Бирок, медицина тармагында терең изилдөө жүргүзгөн хирург, трансплантолог, онкологдор үчүн эски ыкмада өлүк менен иштеп үйрөнүү жолу муляж менен окуганга караганда алда канча алдыда турат. Ал эми муляж менен окутуу биздин заманыбыздын заманбап талабы болуп калды”,- дейт Максут уулу.

“Анатомиялык донорлук жөнүндө” токтом долбоору медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, келечектеги дарыгерлердин кесиптик даярдыгын чыңдоого жана медицина илиминин өнүгүшүнө багытталган маанилүү кадам катары каралууда. Бирок, анатомиялык донорлукка элибиздин каада-салты, дүйнө таанымы жана диний көз карашы жол береби деген чоң суроо жаралат.

16