Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна эмгек сиңирген кызматкер, Президенттин Ардак грамотасынын ээси, Лейлек районунун ардактуу атуулу Ниматова Бактыгүл Ниматовна 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Бактыгүл Ниматовна 1951-жылы 14-октябрда Лейлек районунун Исфана айылында туулган. Жогорку билимдүү, Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун орус тили жана адабияты факултетин аяктаган.
Эмгек жолун Лейлек районундагы Гагарин атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими катары баштап, райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, Эл депутаттарынын Лейлек райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы жана көптөгөн жыл Лейлек райондук социалдык фондунун төрайымы катары иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Үч уулдун апасы, 11 неберенин ардактуу чоң энеси.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Лейлек районунун Раззаков шаарында өтөт.
Бактыгүл айымдын үй-бүлөсүнө жана туугандарына биз да терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.




