YouTube видеохостинги жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган сапатсыз видеолорду өчүрө баштады.
The Verge басылмасынын маалыматына ылайык, натыйжада платформадан бир нече ири каналдар жоголду. Алардын арасында 5,9 млн катталуучусу жана жалпысынан 1,2 млрд жолу көрүлгөн CuentosFacianantes каналы, ошондой эле 5,8 миллиондон ашык катталуучусу бар Imperio de Jesus каналы бар.
YouTube’дун башкы директору Нил Мохан спам жана кликбейт менен күрөшүүдө колдонулган иштеп жаткан системаларды ишке салуу менен сапатсыз контенттин жайылышына каршы туруу ниетин билдирген.
2025-жылы YouTube жасалма интеллект тарабынан жаратылган фейк трейлерлерди жарыялаган каналдарды өчүргөн. Учурда платформа ишенимсиз жана сапатсыз контентти жок кылуу саясатын улантууда.



