7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз жер сатуу: «Сузак тазалыктын» директору кармалды

224

Сузак районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат «Сузак тазалык коому» муниципалдык ишканасынын директору М.И. жана анын шериги С.Н. жасалма токтомдор менен жер тилкелерин 700 миңден 1,5 млн сомго чейин сатып жүргөнүн аныктады.

Аталган адамдар мыйзамсыз сатылган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында жер мунапысынын талаш-тартыштуу маселелери боюнча мамлекеттик комиссиялар аркылуу кароо жол-жоболорун колдонушкан.

Кылмыш ишинин алкагында М.И. жана С.Н. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмыш ишинин бардык учурларын, мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

225