2026-жылдын 6-февралында Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты.
Жыйында Салык кызматынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды жана салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Тактап айтканда, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча иштин жыйынтыгы, өндүрүлгөн алкоголдук продукциядан акциз салыгынын түшүүсү, ошондой эле акциздик продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу боюнча чаралар каралды.
Ошондой эле, коллегиянын катышуучуларына салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, ачык-айкын экономиканы түзүүгө, ошондой эле салык тобокелдиктерин жана адам факторунун таасирин азайтууга багытталган “Салык Күзөт” салыктык талдоонун жаңы маалыматтык тутуму тартууланды. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекеттик салык кызматынын өткөн жылдагы ишине оң баа берип, пландалган көрсөткүчтөрдүн туруктуу камсыздалганын, салык реформалары жүргүзүлгөнүн жана процесстерди автоматташтырууга, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана салык кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик сервистердин киргизилгендигин белгиледи.
Ал 2025-жылы салык чогултуу боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн пландан ашык аткарылышы салыктык башкарууну жакшыртуу жана бизнести көмүскөдөн чыгаруу чараларынын натыйжалуулугун тастыктарын белгиледи. Ал санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу бул багыттагы иштерди улантуу керектигин айтып өттү.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өз сөзүндө 2025-жылдагы иштин жыйынтыгы, анын ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшүүлөр, салык тутумундагы негизги реформалар жана бизнести колдоо боюнча жүргүзүлуп жаткан чаралар тууралуу айтып, ошондой эле 2026-жылга пландарды белгиледи.
2025-жылы салык чогултуу боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн пландан ашык аткарылышы салыктык башкарууну жакшыртуу жана бизнести көмүскөдөн чыгаруу чараларынын натыйжалуулугун тастыктарын белгиледи. Санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу бул багыттагы иштерди улантуу керектигин айтып өттү.
Өткөн жыл Мамлекеттик салык кызматы үчүн салык саясатынын жаңы моделине өтүүнүн жана мамлекеттин экономикадагы ролун кайрадан түшүнүүнүн чечүүчү этабы болуп калды.
Кысымга жана кол менен башкарууга негизделген фискалдык башкаруудан сервиске, санариптештирүүгө, ишенимге жана экономикалык максатка ылайыктуу тутумга өтүү чаралары жүргүзүлдү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 308,4 млрд сомдон ашык салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Бекитилген план 40,1 млрд сомго ашык аткарылды. Ал эми 2024-жылга салыштырмалуу 135,1 % өсүү ыргагы менен рекорддук 80,2 млрд сомго көп чогултулду.
“Отчеттук жылда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү такталган болжолдогу 383,6 млрд сомдун ордуна 391,8 млрд сом жыйналып, белгиленген план 102,1 пайызга аткарылды. 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 90 млрд сомго же 129,6 пайызга өстү. Ал эми салыктык кирешелер 80,2 млрд сомго, камсыздандыруу төгүмдөрү 9,3 млрд сомго көбөйдү”, – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Салык кызматынын төрагасы мындай олуттуу өсүш салыктардын ставкасын жогорулатпастан камсыздалгандыгын жана бул мамлекеттин аң-сезимдүү позициясы экендигин, мындан тышкары, 2025-жылы салык жүгүн азайтуу жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле 2025-жылдагы реформалардын негизги натыйжасы салыктык башкарууну трансформациялоо болду: ашыкча текшерүүлөрдөн жана бизнеске болгон кысымдан баш тартуу, отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү, бир катар контролдук чараларды жокко чыгаруу.
Салык салууну санариптештирүүгө жана реформалоого өзгөчө басым жасалды, бул коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, көмүскө жүгүртүүнү кыскартууга жана салыктык тартипти жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бул өзгөртүүлөр экономиканын жана салыктык кирешелердин бирдей өсүшүн камсыздап, тандалган жолдун натыйжалуулугун ырастады.
Салык кызматынын төрагасы өз сөзүн жыйынтыктап жатып, 2026-жылга артыкчылыктуу багыттарды: кадрлардын компетенцияларын жогорулатуу, тобокелдикке багытталган аналитикага өтүү, сервистик моделди өнүктүрүү, салык карыздарын өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптик сервистерди модернизациялоо зарылдыгын белгиледи. Стратегиялык максат болуп реформаларды бекемдөө жана ачык-айкын, технологиялык, кесипкөй жана жаңы типтеги салык кызматын түзүү саналат.



