Жалал-Абадда 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Жүргүзүлгөн текшерүүдө мамлекеттик жер фондусуна таандык жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.
1999-жылы Сузак райондук администрациясы мамлекеттик жерди фермердик чарбага жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, базар баасы 17 млн 831 миң 942 сомду түзгөн, жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.




