7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги ЖЭБ-2 кийинки кышта ишке кириши мүмкүн

22
Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 кийинки кыш мезгилинде ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.
«Бизге белгилүү болгондой, ЖЭБди реконструкциялоо долбоору мамлекеттик органдарда каралууда. Биз 2027/2028-жылдардын жылытуу мезгилинде ЖЭБ-2ге газ берүү башталат деген негизде бардык инвестициялык программаларды пландаштыруудабыз. Коңшу мамлекеттер менен келишимдер түзүлүп, анын алкагында магистралдык транспорттук объектилердин курулушу башталды», — деди ал.
Өткөн жылы «Газпром Кыргызстан» ЖЭБ-2 жана «Бишкексельмаш» отканасы оңдолуп бүткөндөн кийин газга кошуларын маалымдаган.
23