7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инвестициялык долбоор: Кыргызстанда тамекини кайра иштетүүчү ишкана курулат

221

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кытайдын Hubei Azhi Construction Engineering Co., Ltd. компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Агенттиктен билдиришкендей, компания «Бир кур — бир жол» демилгесинин алкагында Кыргызстандын аймагында тамеки продукциясын кайра иштетүүчү фабрика куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.

Тараптар инвестициялык климатты изилдөө, өндүрүштүк аянтчаны тандоо, ошондой эле инвестициялык жол-жоболорду коштоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашты.

Долбоорду ишке ашыруу түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Агенттик инвесторго долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Hubei Azhi Construction Engineering Co., Ltd. Кытайда катталган ишкана жана курулуш, инфраструктура, энергетика, өнөр жайды өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу тажрыйбага ээ.

222