Таластагы «В» категориясындагы стратегиялык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2003-жылы «Тобой» коомдук бирикмесинин жетекчиси С.T.Д. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас филиалынын жана «Талас суу чарбасы башкы башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерди мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы аныкталган.
“2003-жылы «Тобой» коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Т.Д. мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кызматтык абалын пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жолу менен «В» категориясындагы стратегиялык объектилерди (суу алуучу жайларды) аталган коомдук бирикменин балансына мыйзамсыз өткөрүп берген, кийинчерээк ал 36 415 400 сомдук, учурда инфраструктурасы бар 1,7 га, 0,68 га жана 1 га жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп берген”, — деп берилет маалыматта.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган тиричиликке керектелүүчү обьектилер мамлекеттин менчигине кайтарылган.



