Ысык-Көл ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн демилгеси менен облус боюнча ички иштер кызматкерлери интернеттеги шылуунчулукту токтотууга багытталган масштабдуу маалыматтык өнөктүктү өткөрүүдө.
Иш-чаралардын алкагында ар бир мекеме, мектеп жана коомдук жайларда калкка маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер жарандарга интернеттеги шылуунчулуктан коргонуу боюнча толук жана ишенимдүү маалымат берип, атайын брошюралар менен нускамаларды таратууда.
Шылуунчулукту алдын алуу жана ар бир жаранды коргоо — эң маанилүү максат. Бул өнөктүк менен ар бир жаран өзүнүн кибер коопсуздугун күчөтө алат.




