Балыкчыда өспүрүм кызга ыдык көрсөткөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-декабрында Балыкчынын 1992-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну 2010-жылы туулган кызына белгисиз бала анын эркине каршы күч колдонуп, жыныстык катнашка барууга ыплас аракеттерди жасаганын билдирип арыз менен кайрылган. Ошондой эле шектүү жабырлануучунун «Redmi» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жерге чаап, сындырып салгандыгы көрсөтүлгөн.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 30-декабрында милицияга Тоң районунун 1977-жылы туулган Р.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2025-жылдын 12-декабрында «Лалафо» тиркемеси аркылуу 2001-жылы туулган Ө.К. аттуу жаранды 30 баш арашан тукумундагы кой багуу үчүн жумушка алганын билдирген. Бирок 2025-жылдын 28-декабрында аталган жаран койлорду белгисиз тарапка алып кеткендиги маалым болгон. Келтирилген материалдык чыгым 15 миң долларын же 1 320 000 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
2026-жылдын 6-февралында жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарга шектелип Балыкчынын 2001-жылы туулган Ө.К. аттуу тургуну кармалган.
Алдын ала сурак учурунда шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган. Балыкчы шаардык соту тарабынан ага карата 2 айга камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда тергөө уланууда.



