7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке компанияларга жасалма патент берген салыкчы кармалды

222

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Салык инспектору Ш.У.У. кызмат абалынан пайдаланып, жеке бухгалтердик компанияларга патент алуу боюнча мыйзамсыз консультациялык кызмат көрсөткөнү аныкталды.

Ошондой эле ал 2024-жылдан бери ишкерлерден 600 миң сомдон ашык каражат алып, маалымат базасына катталбаган жасалма патенттерди берип, акчаны өзүнө ыйгарып алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 27-январында Ш.У.У. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

223