7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдар үчүн заманбап кол протездери жасалууда

225

2025-жылы 11,5 миңден ашык адам Республикалык протездик-ортопедиялык мекемесинин кызматтарын пайдаланган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

«Алдыңкы технологияларды колдонуу менен жана бейтаптардын жеке муктаждыктарын эске алуу аркылуу ортопедиялык бут кийимдердин жаңы моделдерин, жогорку жана төмөнкү буттар үчүн заманбап протездердин түрлөрүн иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алгач ирет протезисттер тарабынан «Сколково» инновациялык борборунун резиденти болгон «Моторика» компаниясынын балдар үчүн кол протездери — заманбап активдүү тартылуучу «Киби» жана бионикалык «Инди» протездери даярдалды»,- деп берилет маалыматта. 

Жалпысынан 2023-2025-жылдар аралыгында 34 балага «Киби» жана «Инди» кол протездери жасалып берилди, алардын 76 пайызы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланды. Кореянын «Фаблаб» лабораториясы менен өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында 2 чоң жарандын электрондук кол протездери даярдалып берилди.

226