7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде автомектептерге курсанттарды мыйзамсыз кабыл алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

15

Баткенде автомектептерге курсанттарды мыйзамсыз кабыл алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткенде бир катар автомектептердин жетекчилери жарандарды өлкө аймагында болбогонуна карабастан окууга жасалма түрдө катташкан. Мыйзамсыз киреше табуу максатында каттоо аралыктан жүргүзүлүп, теориялык жана практикалык сабактар иш жүзүндө өтүлбөстөн, курсту ийгиликтүү аяктаганы тууралуу жасалма документтер таризделген.

«Жол кыймылынын эрежелерин билбеген адамдар расмий «окуудан» кийин өлкөгө келип, окуу курсун аяктагандыгы жөнүндөгү сертификат алып, коррупциялашкан кызмат адамдарынын жардамы менен практикалык жана теориялык экзаменден өтүп, айдоочулук күбөлүк ала турган механизм түзүлгөн», — делет маалыматта.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо, жоопкерчиликке тартуу жана кылмыш жолу менен алынган айдоочулук күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

16