7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө малчы 50 музоону сатып, онлайн казиного уттуруп жиберген

15

Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февралда Аламүдүн РИИБине “К.Ж.” фермердик дыйкан чарбасынын өкүлү, М.Б. аттуу жаран кайрылып, 1998-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Ал арызында, Ж.Э. 2025-жылдын октябрь айында чарбада малчы болуп иштеп, 50 баш музоонун багылуусу жана жайылтылышын 2026-жылдын апрель айына чейин өзүнө милдет алган.

Бирок 2026-жылдын январь айында аталган жаран өз алдынча малды сатып жиберип түшкөн каражатты онлайн казинодо уттуруп жибергени аныкталган. Материалдык зыяндын суммасы 3 700 000 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) ылайык кылмыш иши козголуп, 96-беренеге ылайык, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

16