Бүгүн, 11-февралда Бишкек мэриясында «Үмүт үйү» карылар үйүнө 2 020 311,73 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификатын тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалым болгондой, сертификатты Айбек Джунушалиев жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков тапшырышты.
Мэр Айбек Джунушалиев бул окуя, мүлктү өз убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн айкын көрсөтөрүн белгилеп, борбор калаанын коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.
Эске салсак, 2026-жылдын 6-январында мекеменин өзүнчө жайгашкан имаратындагы паллиативдик бөлүмдүн палатасында өрт чыгып, анын кесепетинен эки адам каза болгон. «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемеси 2023-жылдын апрелинен тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаментинин карамагында болуп жана 18 жаштан жогору улгайган жарандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтөт.



