7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын 8 ишканасы Кытайдын экспорттук тизмесине кирди

218

12-февралдан тартып Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы Кыргызстандын 8 ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Бул чечим Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызмат тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгында кабыл алынды. Ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана койдун жүнүн кайра иштетүү менен алектенет.

Уруксат алуу ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

219