Марлен Маматалиев парламенттин төрагасы болуп шайланды. Чечим Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан добуш берүү аркылуу кабыл алынды.
Марлен Маматалиев 45 жашта, Бишкек шаарында туулган.
Билими:
2002 — Кыргыз техникалык университетин «автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча бакалаврды, 2003 — ушул эле адистик боюнча магистратураны бүтүргөн. 2011 — Кыргыз экономикалык университетинен «финансы жана кредит» адистиги боюнча билим алган.
Иш тажрыйбасы:
Эмгек жолун 2003-жылы Соцфонддо программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштаган. 2008 — финансы министринин жардамчысы, 2007-2009 — экономика министринин кеңешчиси, 2010 — вице-премьердин кеңешчиси, 2010 — «Ар-Намыс» депутаттык фракциянын бөлүм башчысы болгон. 2016-2018 — «Аллор Строй Сервис» ЖАК, башкы директору, 2018-жылдан бери парламенттин үч чакырылышында катары менен депутат болуп келе жатат.



