7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Камчыбек Кыдыршаевичти кызматтан аларда аны менен байланышып, чечим кабыл алдым

15

Садыр Жапаров: “Достугубуз кала берет. Коррупция жана криминал менен күрөш эч качан токтобойт”
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кабар маалымат агенттигине берген маегинде кадрдык чечимдер жана өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш тууралуу позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечими жеке мамилеге эмес, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына негизделгенин белгиледи.

Президенттин айтымында, чечим кабыл алынар алдында аны менен байланышып, өлкөдөгү кырдаалды түшүндүрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алынган.

“Биздин достугубузду кайсыл бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес”, — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле Президент коррупция жана криминал менен күрөш үзгүлтүксүз уланарын, бул багыттагы талап мындан ары да катуу болорун баса белгиледи. Анын сөзүнө өлкөдө мыйзамдуулук жана тартип камсыздалышы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири.

16