7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башаламандык уюштурууга шектүүлөр 10-апрелге чейин камакка алынды

297

Массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча кармалгандар 10-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Камакта калтырылгандар:

  • ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов;
  • «Элдик парламенттин» координатору, премьер-министрдин аппаратынын мурдагы жетекчиси Бекболот Талгарбеков;
  • Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев;
  • Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев;
  • президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев.

Белгиленгендей, учурда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан «Массалык башаламандыкка даярданууну уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин өлкөдө массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген бир нече адам кармалган.

298