Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Касымалиев куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин, баатырдыктын жана Ата Мекенди коргоонун ыйык парзынын символу экенин, анын өткөн тарыхта да, өлкөнүн азыркы тарыхында да татыктуу орду бар экенин белгиледи.
Маалым болгондой, акыркы беш жылда ведомство 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыздалып, ага 7 млрд сом багытталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылга бюджети 5,5 млрд сомдон ашты, ошол эле учурда жыл ичинде кошумча каражаттар бөлүнүп, алар ийгиликтүү өздөштүрүлүп, авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфраструктуралык долбоорлорго, өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, метеостанцияларды курууга, аэродромдорду модернизациялоого, ошондой эле көпүрөлөрдү жана стратегиялык объектилерди курууга багытталган.



