57 жаштагы Талант Дүйшөбаев Франциянын гандбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Ал 16-марттан тарта жаңы кызматына киришет. Бул тууралуу Гандбол боюнча эл аралык федерациядан кабарлашты.
Талант Дүйшебаев — гандбол тарыхындагы эң күчтүү оюнчулардын бири. Ал СССРдин, КМШнын, Россиянын жана Испаниянын курама командаларында ойногон. 1994 жана 1996-жылдары дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу деп табылган. Машыктыруучу катары төрт жолу Чемпиондор лигасын жеңип, башка да бир катар маанилүү сыйлыктарды багындырган.




