7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында жашылдандыруу иштери күчөтүлүүдө

288
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу И. Раззаков көчөсүндө уюштурулган көчөт отургузуу саамалыгына катышты.
Отургузулган көчөттөр Ош шаарындагы жашылдандыруу чарба комбинатынын күнөсканасында өстүрүлүп, алдын ала чоңойтулган эмен жана каштан көчөттөрү тандалып алынды.
Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү шаар мэринин негизги приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Калаа башчысы быйыл көчөт отургузуу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл буруларын белгилеп келет. 2026-жылы Ош шаарына 20 миңден ашуун көчөт отургузуу пландалууда.
289