7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дастан Бекешев кийим-кече өндүрүүдө кара куурай колдонууну сунуштады

334

Дастан Бекешев кийим-кече, сумка жана башка товарларды өндүрүүдө техникалык кара куурайды (каннабис) колдонууну сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык тигүү ишканалары Россияда жакшы таанылган.

«Өндүрүштө Түркия же Кытайдан келген эмес, өзүбүздүн жергиликтүү кездемелер колдонулса жакшы болмок. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Америкада кара куурайдан жасалган кийимдерди, сумкаларды сатып алса болот2, — деди депутат.

Өз кезегинде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары бул багытта Ички иштер министрлиги менен биргелешип иш алып баруу жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин билдирди.

«Ошондой эле техникалык кара куурайды сыноодон өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп, андан соң корутундуну Улуттук илимдер академиясына өткөрүп беребиз. Техникалык кара куурайдан жасалган кездемелерди армияда да колдонсо болот», — деп баса белгиледи министрдин орун басары.

335