7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 100 гектар жерге заманбап тамчылатып суугаруу системасы орнотулду

394

Лейлек районундагы Кең-Талаа айыл аймагында 100 гектар жерге заманбап тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн көлөмү 12 миң куб метр болгон суу резервуары курулган.

“Учурда «Аракет» кооперативи тарабынан бөлүнгөн 36 гектар аянтка Түркия жана Өзбекстандан алып келинген өрүктүн жогорку сапаттагы «Приция» жана «Вандеркот» сорттору отургузулууда. Жаңы технологиянын жардамы менен салттуу ыкмаларга караганда суу 40-60 пайызга чейин үнөмдөлөт, нымдуулук түз тамырга жеткендиктен түшүмдүүлүк 20-50 пайызга жогорулайт жана өсүмдүк бир калыпта өсүп, экспортко багытталган сапаттуу продукция алууга шарт түзүлөт”, — деп жазылат маалыматта.

395