“Жергиликтүү жетекчилерди, анын ичинен акимдерди, айыл өкмөттөрдү негизсиз кабинетиңерге чакырып алып текшере бербегиле”, — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүнкү Республикалык кеңешмеде.
Ошондой эле президент жергиликтүү жекетчилерге кайрылуу жасады.
“Уурдабай калыс иштеп бергиле, кабинетиңерде эле бекинип отура бербей, элди аралап көйгөйлөрүн чечкиле. Бизди эч ким укпайт, көрбөйт деп коррупцияга малынсаңар жооп бересинер!”, — деди президент.



