7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

3

2026-жылдын 28-февралынан 5-мартына чейин туруксуз аба-ыйрайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Гидрометеорология кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

4