Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында «Жарнама жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда четке кагылды.
Мындай сунушту депутат Дастан Бекешев демилгелеген. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруудан мыйзамдуу түрдө киреше алуу үчүн өз мүлкүн пайдаланууда турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТМШ) жана орун жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Эл өкүлү 2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңешинин №134 токтому менен турак үйлөрдүн фасаддарына жарык диоддук экрандарды жайгаштырууга тыюу салынганын эске салып: «Бул колдонуудагы мыйзамдарга жана Конституциялык нормаларга каршы келет», – деди.
Талкуу маалында Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров алдын ала макулдашуусуз LED-экрандарды орнотуу борбор калаанын сырткы көрүнүшүнүн сакталышына терс таасирин тийгизерин жүйө келтирип, айрыкча турак үйлөрдүн, анын ичинен совет доорунда курулган имараттардын фасаддарына жарык диоддук конструкцияларды орнотуу архитектуралык бүтүндүктү бузушу мүмкүн экенин белгиледи.



