7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашуулардагы абал: жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө

342

Бүгүн, 4-март, ɵлкɵдɵгү автожолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, каттам бар. Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп –Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.

Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда.

343