“Жалал-Абад” аэропортунун курулушу токтоп калгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы билдирди.
“Кыргызстан аэропорттору” ААК Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтоп калгандыгы тууралуу социалдык тармактарда таркап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.
Аэропортту куруу иштери өз нугу менен жүрүп жатат. Долбоор Сузак районунун Багыш айыл аймагында ишке ашырылууда. Аэропорттун жалпы аянты 381 гектарды түзөт.
Бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесин жана перронду куруу боюнча жер иштеринин 80% пайызы аткарылды. Парллелдүү түрдө аэробекет комплексинин имаратын куруу иштери жүргүзүлүп, учурда терминалдын имараты экинчи кабаттын деңгээлине чейин тургузулду.
Аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу айрым курулуш процесстеринде убактылуу техникалык тыныгуулар болду, мындай жагдайлар масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда кадимки практика болуп эсептелет.
Азыркы учурда курулуш иштери улантылууда жана долбоор бекитилген графикке ылайык жүзөгө ашырылып жатат», — делет маалыматта.
Белгилей кетсек, “Кыргызстан аэропорттору” ААК коомчулукту жана социалдык баракчалардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таркатпоого жана компаниянын ишмердүүлүгү менен байланышкан суроолорду ишкананын басма сөз кызматынан тактап алууга чакырат.
Байланыш номери: 0557 224497.



