7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытай компаниясы Кыргызстанда көчө жарыктандыруу долбоорун колдоого кызыкдар

9

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, шаардык жана архитектуралык жарыктандыруу долбоорлору боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. 

Компания BRICS жана ШКУ саммиттери өткөрүлгөн аянттарды жарыктандыруу тажрыйбасына ээ жана Кыргызстанда көчө жарыктарын жаңылоо, инфраструктураны модернизациялоо долбоорлоруна инвестиция салууга кызыкдар. Өзгөчө ШКУ саммитине даярдыктын алкагында шаарды модернизациялоого катышуу маселеси талкууланды.

Тараптар шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган келечектүү долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышты.

10