7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азамат Кадыралиев Сириянын Президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара менен жолукту

209

Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Президенттик Администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев Сириянын Президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара менен жолукту. Бул тууралуу Администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын келечегин жана регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүдө күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине, анын ичинде жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Азамат Кадыралиев Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну эки жактуу да, көп тараптуу форматта да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун алкагында кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында өтө турган БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоодо Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Ошондой эле Азамат Кадыралиев боордош араб мамлекеттеринин колдоосу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Президент Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирип, тиешелүү чечимди расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтөрүн айтты.

210