7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында жаңы кондитердик цех ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү

2

Бүгүн Ош шаарында “Мадина” аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке кирди. Ачылышка шаар мэр Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы шаарда ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Анткени бүгүнкү күндө инвестициялык климатты жакшыртуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчамдатуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ишкана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 63 млн сом колдоосу менен ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү. Заманбап жабдуулар менен камсыздалган цехте 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттуулар өндүрүлөт.

3