7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугун эки эсеге жогорулатуу боюнча долбоор иштелип жатат

228
 Учурда Камбар-Ата-2 ГЭСнин №2 гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Аталган долбоор электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.
Электр станциянын учурдагы орнотулган кубаттуулугу 120 МВтты түзөт. Ал эми №2 гидроагрегатты ишке киргизгенден кийин станциянын жалпы кубаттуулугу 120 МВттан 240 МВтка чейин көбөйөт. Долбоордо коюлган графикке ылайык, №2 гидроагрегатты эксплуатацияга берүү 2029-жылдын башына пландаштырылууда.

«№2 гидроагрегатты ишке киргизүү генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүгө, энергосистеманын туруктуулугун, айрыкча эң жогорку жүктөмдөр учурунда жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

229