7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлгө топурак төгүлүп жаткан видео боюнча министрлик түшүндүрмө берди

352

Блогер Эртай Искаков Тамчыда курулуш компаниялары көл жээгиндеги экологиялык талаптарды бузуп жатканын билдирип, маморгандарга видео кайрылуу жолдогон.

Курулуш министрлиги бул боюнча көл жээгиндеги саздак жерлерди бекемдөө максатында грунт төгүлүп жатканын, көлдү толтуруу же анын аянтын кеңейтүү пландалбаганын билдирди.

Колдонулган топурак ошол эле аймактан алынган жана анын үстүнө кошумча кум төшөлөт. Бардык экологиялык талаптар сакталууда, зыяндуу заттар колдонулган эмес.

Ошондой эле аймакта учурда 5 жылдыздуу үч пансионат курулуп жатканы, иштер тиешелүү уруксат документтеринин негизинде жүргүзүлүп жатканын айтты. Көзөмөл иштери уланууда.

Министрлик жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды.

353