7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекке 148 жыл: Шаар күнүндө райондордо кандай иш-чаралар өтөт?

14

Бишкекте 29-апрелде борбор калаанын негизделгендигинин 148 жылдыгы белгиленет.

Бул күнгө карата бардык райондордо майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Свердлов району:

29-апрелде саат 11:00дө Театралдык сейил багында искусство мектептеринин жана балдардын чыгармачылык борборлорунун катышуусунда «Бишкек – кылымдардын гармониясы» аттуу иш-чарасы өтөт.

Саат 9:00дө Карагач токоюнда №23 мектептин окуучулары үчүн чуркоо өткөрүлөт.

Биринчи май району:

29-апрелде саат 15:00дө Вефа соода борборунда майрамдык концерт өтөт.

Саат 17:00дө И.Панфилов атындагы сейил багында «Кечки Бишкек» жана «Келечектин шаары» темаларында мольберт жана асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класс, ошондой эле кийизден жасалган буюмдар боюнча окутуулар өтөт.

Октябрь району:

28-апрелде саат 17:00дө «Ынтымак-2» паркында Кыргыз Республикасынын эл артисти Курмангазы Азыкбаев жана «Энесай» тобунун катышуусундагы майрамдык концерт өтөт.

Ленин району:

29-апрелде саат 11:00дө Фучик сейил багында эстрада ырчыларынын жана фольклор аткаруучуларынын, ошондой эле Балдар чыгармачылык борборлорунун чыгармачыл топторунун катышуусунда майрамдык концерт өтөт. Коноктор үчүн квиллинг, чоподон буюм жасоо, кол өнөрчүлүк, жыгачка сүрөт тартуу, атлас лента менен гүл жасоо жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга катыша алышат.

Ошондой эле аркан тартыш жана тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар боюнча мелдеш, эстафета жана шахмат турнирлери өткөрүлөт.

15