Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда жеңиш менен баштады.
Ал 60 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финалдык баскычынан баштап, Армениянын өкүлү Артур Базеянга каршы чыгып, калыстардын бир добуштуу чечими менен жеңишке жетишти (5:0). Жыйынтыгында Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты. Кийинки айлампада ал Канаданын өкүлү Кеома Аль-Ахмадиех менен күч сынашат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



