Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берүү тартиби бекитилгенин маалымдайт.
Жеңилдетилген каржылоо зергерчилик тармагындагы субъекттерге жабдууларын жаңылоого мүмкүнчүлүк берип, өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөт жана ата мекендик зер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Аны ишке ашыруу алдыңкы мамлекеттик банктар «Айыл Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААК аркылуу жүргүзүлөт.
Банктар төмөнкү шарттар менен насыя берүүгө же каржылоого милдеттендирилет:
• Суммасы 90 млн сомго чейин;
• Насыя мөөнөтү: 60 ай;
• Акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка: жылдык 6 пайыз;
• Жеңилдетилген мөөнөт: 180 күн.
Катышуучу банктарга зергерлерге насыя берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды алуудан баш тартуу сунушталды. Бул насыянын бизнес үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу болуусун камсыз кылат.
Ошондой эле долбоорду 2028-жылга чейин кийинки мезгилдерге узартуу каралган.



